www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экономикасына ири салым кошо турган тармак бул – тоо-кен байлыктарын иштетүү болуп саналат. Аны элдин баары эле билип турат. Бирок негедир акыркы учурларда бул тармак боюнча өкмөт дагы, Жогорку Кеңеш дагы үн катпай калды. Жыйын сайын Кумтөр маселесин көтөргөндөрдөн деле дайын жок.
Кыязы, канадалыктар «эбин таап, сүйлөшө турган киши менен сүйлөшкөн» деген аксиома, субстанцияга айланып бараткандай. Ал ортодо алтын, күмүштү чет өлкөдөн аткезчилик менен алып келгендердин күнү тууп, мамлекеттин казынасы болсо майышып эле баратат. Бул боюнча «өлкөгө алтын, күмүштү мыйзамсыз алып келгендерди колдогон атайын мафия бар» деп Чыныбай Турсунбеков зергерчилик өндүрүштүн мамлекеттик контролдоо жана жөнгө салууну максат кылган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ачык эле билдирди.
Арийне спикердин айтканындай эле бар экенин баары эле билет, бирок аткезчиликти токтотууга аракет кылган бир жан жоктой.
Булак: "Айгай"