www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суссекс мышык жөнүндө…

Суссекс Университетинин зоологдорунун изилдөөсү боюнча дүйнөдөгү эки чоң мышык – африка арстаны менен борней бозомук сары-ала кабыланы (леопарды) – аларга аңчылык кылуу мүмкүн болбой калгандыктан улам жок болуу коркунучунда турушат. Адистердин айтуусу боюнча, мурда жей турган тамактын жетишсиздигинин айынан чоң мышыктардын жети түрү жоголуп кеткен, буларга Муз доорундагы кылыч тиштүү жолборсту да кошсо болот. Ошондой коркунучтуу жагдай азыр да уланып жатат. Чоң жырткычтарга ылайыктуу экосистема талкаланып, алар жашап, аңчылык кылган жер тилкелер кыскарып жатканы кейиштүү, - дейт доктор Крис Санд, изилдөөлөрдүн авторлорунун бири. Алардын изилдөөлөрү Азиянын Борнейиндеги бозомук сары-ала кабылан менен Чыгыш Африкадагы арстан боюнча жыйынтыктары абдан кейиштүү, гепард, илбирс, кабылан, жолборстордун ар кандай түрлөрүн да ушундай тагдыр күтүшү мүмкүн, - дейт окумуштуулар.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости