www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК ИИМдин ИИКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИБү менен биргеликте 2025-жылдын 22-ноябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер бөлүмүнүн М.Ж.А. жана С.А.Ш. аттуу кызматкерлерин 300 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Тактап айтканда, Араван РИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасынын инспектору, милициянын подполковниги М.Ж.А. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору С.А.Ш. менен биргеликте, жүргүзүлүп жаткан тергөөгө чейинки текшерүү иштери боюнча оң чечим чыгарууга жардам берүү үчүн жарандан 300 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген.
Учурда иштин бардык жагдайларын документтештирүү жана бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.