www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--"Оогастандын президенти Ашраф Гани элди бөлүп жаруучу жана калкка жакпаган жетектөө ыкмасы согушту башкарууга жана пландоого таасирин тийгизди", - деп билдирди Кабулдагы көз карандысыз "Ооганстандык серепчилердин түйүнүнүн" изилдөөчүсү Али Адили.

Оогастандын президенти Ашраф Гани Ооганстандын коопсуздук мекемелеринин жетекчилерин бир топ жолу кызматтан алып, жаңы кишилерди алып келген.

Ал провинцияларда, өзгөчө Ооганстандын түндүгүндө бийликти тең салмактап келген абдан маанилүү, таасирдүү мурдагы талаа командирлерин көз жаздымда калтырган.
Соңку апталарда түндүктөгү провинцияларда "Талибанга" каршылык көрсөтүлбөй калышынын бир себеби - бул Ганинин башкы фигураларды обочодо калтырып, бийликтин жергиликтүү түзүмүн алсыратышы", - дейт изилдөөчү Али Адили.

Кошумчалай кетсек, "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости