www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасында биргелешип түзүлгөн кайгуулдар ишин жүргүзө баштады. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Баткен менен Согди облустук милициясынын жетекчилери Мурат Боронов менен Абдулло Навджувонов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин кайгуул-күзөттөрү уюшулган.
"Мындай чаралар чек аралаш аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун сактоо, эки элдин арасындагы чагымчыл күчтөргө бөгөт коюу, жосунсуз жоруктарды жөнгө салуу жана мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоо максатында көрүлүп жатат. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар арасында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуул Көк-Таш айылындагы Дахма, Майский, Соманион аймагында, Таш-Тумшук айылы менен чектешкен Хожо-Альо аймагында, Ворух айылынын Тожиком, Ак-Сай айылындагы Бакай аймагында уюштурулган.
Булак: NazarNews.kg