www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, шайлоонун шайтан оюнунан кийин Кыргызстанда көптөгөн адамдардын жүзү ачылды. Аттуу-баштуу саясатчылар «кресло» десе жанын үрөп, жантыгына жата калышты. Айрым Мирлан Жээнчороевге окшогондор джынсы шымын 5 күнгө чейин чечпей, кылтылдаганы кылтылдап, былкылдаганы былкылдап аянттан чыкпады. Кудайдын керемети менен шайлоонун шарапаты менен Алмазбек Атамбаев жана анын командасы Аянтта бир сейилдеп чыгып, кайрадан оозуна келгенди оттоп жеңилдеп алышты. Эл деген селда, кайра эле аянттан Атамбаев баштаган топту, Бабановдун башына «Султан чай» менен уруп кууп чыкты. Аларды колтуктаган өсүп келе жаткан тың саясатчылардын катарынан Жеңиш Молдокматовду көргөндөр жакасын кармашты. Кыскасы, эмне болсо болушту, бирок Садыр Жапаров камактан чыкты. А баса, өзүн «Азаттыктан» расмий кеттим», деп жарыялаган Али Токтакунов адатына салып Райымбек Матраимов тууралуу пикирин бир беткей жамандап коомчулукту кайрадан дүрбөлөңгө салды.

Токтакунов кезектеги каралоосунда Райымбек Матраимовдун туугандарын четтен бармактан баштап санап, анализдеп келген. «Бажыны былк эттирбей башкарып келгендердин атын атадым» деп айткан ал. Алинин, Матраимовдордун бир нече туугандарын айтып келгенине сарасеп салып, тасмага көңүл бура турган болсок, алардын 95 пайызы Бажыда инспекторлук кызматты аткарат экен.

Таң калычтуусу Али Токтакунов инспекторлук кызматка мынча ичи ачышты экен? – деген суроо жаралды.

Кийин “түгөнүйүн деген жок биз тизмени уланатыбыз” деген Али мырза, кайра эле инспекторлук кызматты аркалаган катардагы тууганы эмес кызматкерлерге чейин жазып чыккан. Тилекке каршы айрым бейтааныш фамилиялар Райымбек Матраимовго чейин эле Бажы кызматында иштеп турганын айткан эмес же тизмелер көбөйсүн деп кошуп койгонбу, айтор өзү билет. 

Андан соң, «Бажы кызматы 2019-жылы кызматкерлерди алууга сынак жарыялап, 600 жүзгө жакын адам арыз тапшырган. Алардын 150 гана сынактан өтүп кадрлар резервине кабыл алынган, декабрдын аягында элдин баары жаңы жылды майрамдап, сиз, оливье жасап, шампан ачып атканда жайлашкан», - деп айтты Токтакунов.

Ошончо майдаланган иликтөөнү жасаган атактуу журналист, аялдардай болуп оливье салаты менен шампанды мисал кылбай деле койсо болмок экен. Ага кошумча Токтакунов, «Бажы кызматынын бул операциясы журналистердин дагы коомчулуктун дагы көңүлүнөн сырт алган купуя сакталган. Бирок биз анын бетин ачабыз» - деген.

Эми Токтакуновдун өзүнүн бетин ачалы!

Жогорку эл аралык маселени Али Токтакунов эмес, менмин деген үлкөндөр дагы чече албайт, бул кылымдан-кылымга уланып кете берчи маселе экендиги талашсыз. Токтакунов, үч уктаса түшүнө кирип, 3 жыл түндүктөн жылдыз санап жатса дагы изилдөөдөн майнап чыкпайт! Анткени ал мамлекеттин казынасына эч кандай тийешеси жок ЭЛ АРАЛЫК маселе.   

Тилекке каршы, Али Токтакунов кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн, бир тараптуу каралоо Кайрылуусун чагылдырып келе жатат. Эң кызыктын кызыгы, Али Токтакунов видео Кайрылуусунда так ошол коррупциянын башында турган «кара ойлуу, кара башыңды жуткур» Алмазбек Атамбаев менен ошондогу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы, "кулкунуң куурагыр" Кубанычбек Кулматовду бир жолу болсо дагы өз сөзүндө айта алган эмес.

Эми Токтакуновго Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун айткандарын мисал кылып видео Кайрылуусун кошо сунуштап, Али мырза айталбаган чындыктын бетин ачалы! 

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Азимбек Бекназаров:

--Камчы иним, сен "Райымбек Матраимовду камаймын", деп айттың. Эгерде сен калыс түрдө камаймын десең, анда сен Алмазбек Атамбаев менен Кулматовду кошо камаймын деп айт. Менин позициямды билесиң, Матраимовго болушкан жокмун. Бул коррупциялык система эл аралык системадагы коррупция! Матраимов болгону анын бир – солдаты! Алардын атамыны - Россиянын кең талаасы менен базарларында жатат. 7 жыл бою аны коргоп келген Атамбаев олтурат. Кубанычбек Кулматов эки жолу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Райымбек Матраимов болгону алардын төрт орун басарынын бирөөсү гана! Эмне үчүн Бажынын төрагасы жоопко тартылбайт? Эмне үчүн Атамбаев жоопко тартылбайт дагы төраганын төрт орун басарынын бирөөсү гана жоопко тартылат!? Президентсиз, Бажынын төрагасыз, ошондой чоң бажынын орун басары эл аралык машстабда коррупция кыла алабы, кыла албайт! Аны сен жакшы билесиң, ошондуктан баарын калыс кыламын десеңер ар тараптуу мамиле кылгыла!”, - деди Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Азимбек Бекназаровдун Райымбек Матраимов тууралуу айтканы төмөнкү тасмада толугу менен:

Менимче Токтакунов бул тасманы көрдү… Окурман, ошондо кимдин бети ачылды? Келиңиздер, ачуу чындыкка баш ийгенди үйрөнөлү...Али Токтакунов каралоосунда өзүн бир беткей даңазалап, «Нургазы Жорошев оперативдик бажынын контрабандалык бөлүмдүн ага опери өткөн жылы Райым Матраимовдордун үйүнүн жанында кесиптик ишин аткарып видеого тартып жүргөн Азаттыктын журналистине бир нече жигит кол салган. Алар аны уруп-сабап жеке буюмдарын камераларын тартып алганы эсиңизде болсо керек», - деген.

Али, өзү жогорку билимдүү инсан, бирөөнүн жеке турак-жайын уруксааты жок тасмага алганга алардын укугу жок экенин эң жакшы билет. Анчалык кыйын экен Токтакунов журналисттик адатка салып, америкалык Билл Гейтстин үйүнө видео камера менен чабуул жасап көрбөйбү? 

Аны менен катар Али Токтакунов каралоо Кайрылуусунда бир нече адамдарды мисал кылып, арасында Сыргак Кенжебаевге боору ачып, кайгырган. Айланайын Али, Кенжебаевдин чет өлкөлүк инвесторлордон чоң суммадагы акча алып бербей жүргөндүгүн, атпай журт билет. 

Эми ток этээрин айтканда кырдаал курчуп турганда бир беткей жамандап, Райымбек Матраимовдун артынан түшүп, алдын дүрбү менен караөзгөйлүк кылып карай бербей пандемияда Матраимовдун жардам берген кайрымдуулуктарын бир ооз айтып кетсе калыстык болмок.

Же, мамлекеттин тышкы  4 млрд 106 млн доллар карызын кантип төлөөрүн, Атамбаев "ап" этип алган 1 млрд 775 млн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына бересе экендигин ачыкка чыгарып, кыргыз элине күйүмүш болуп айтып койсо "эркек экен" деп коймокпуз. Али Токтакуновдун бир беткей каралоосу эртеби-кечпи эл алдында ачыкка чыгат. Калганына кыргызча айтканда Кудай тараза, социалдык тармактарда “эркексинип, эрдемсинген” мырзалар Бажы тармагындагы атамандар Атамбаев менен Кулматовду ооз ачпай Матраимовду жамандап келе жатканы уят эмес – накта эки жүздүүлүгүн даана көрсөтүп алды. Кыскасы, эмнеси болсо дагы ушул пандемиядан өлбөй өтүп алсак, убакыт кимдин ким экенин – иттин ит экенин өзү көрсөтөт. Азыркы элдик бийлик деп аталган "аралашкан топ", Али Токтакуновдун бир беткей каралоосу менен ишти тергейби же мыйзамдуулукту жогору коёбу күтө туралы. 

Ал эми Райымбек Матраимов камалганда эле Кыргызстандын жыртык тешиги бүтөлүп кетпейт. Бирок Бажы кызматындагы чоң уурулардын сабында турган Алмазбек Атамбаев менен Кубанычбек Кулматовду, Али Токтакунов талкууга кошпой жатышы чоң шек жаратууда. Жыйынтыгында эмне дейбиз, молодец кыргыздар! Бири-бириңди чукуп камап, колуңарды кезеп тургула! Кыргыздын душманы кыргыз гана! Кыргыздар мыкты, кыргыз элине күйүп жанган жигиттерин буга чейин тарыхта куткара алган эмес, куткара албайт дагы! Алдыда оор кырдаал пандемиядан деле өтөөрбүз, бирок өлүмдөн дагы коркунучтуусу Кытайдын карызы... аларды аянтка кыйкырып чыккан баатырдык деле кызыктырбайт, ким болбосун "тарс" этип атып коюп алдында ишин кыла берет. Кудай сактасын, 2 жылдан кийин кытайча "нихау", деп саламдашып жүрбөсөк болду... Анткени кыргыздын кандай экенин Али Токтакуновго окшогон журналисттердин айынан дүйнө жүзү билип бүттү! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости