www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте металл буюмдарын уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө металл компаниялардын биринен С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ага ылайык, Т. К. аттуу жаран анын ишенимине кирип 2020-жылдын 30-августтунда саат түнкү 01:00дөн 02:00гө чейин, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунааны жашыруун жүк кранын колдонуу менен уурдап, ага 80x60x30 профилдик түтүкчөлөрдүн эки таңгак темирин жүктөгөн бойдон белгисиз тарапка качып кеткен. Жалпы суммасы 80 миң 400 сомду түзүп, ири материалдык чыгым келтирилген.

"Бул факт Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган И.Н. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. Учурда, кармалган адамдын борбор калаада жасалган кылмыштардын башка фактыларына катыштыгын аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости