www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алибаба” жана “Джек Ма” фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 10-апрелинде Эл аралык "Манас" аэропорту Кытай Эл Республикасынан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүктү тосуп алышты.

Гуманитардык жардамдар “Алибаба” жана “Джек Ма” фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди. Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.

Жардам көрсөтүүлөр КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде "Алибаба" жана "Джек Ма" фонддору аркылуу жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости