www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.    

2020-жылдын 10-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпысынан биринчи сорттогу 2881,7 тонна ун бөлүнүп, өлкө аймактарындагы, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы калктын аярлуу катмарына таратылууда. 

Жалпысынан Ош облусуна 831,85 тонна ун бөлүнсө, анын ичинен өзгөчө абал режими киргизилген Ноокат районуна 401,85 тонна, 140 тонна Кара-Суу районуна берилди. Жалал-Абад облусуна – 891,85 тонна, анын 456,25 тоннасы Сузак районуна бөлүндү. Баткен облусу – 117,2 тонна;  Ысык-Көл – 267,6 тонна; Нарын – 186,5; Чүй – 136,4 тонна ун бөлүндү. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду бөлгөн ундун 130 тоннасы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө абал режими киргизилген Ош шаарына, ал эми Бишкекке 320 тонна, Жалал-Абад шаарына 33,1 тонна ун берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампаларында буудай жана ундун кору жетиштүү көлөмдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости