www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдары Бишкек шаарында терминал уурдаган жарандарды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Терминал уурдаган жарандардын ким экенин ошол жакта орнотулган камералар аркылуу аныктадык. Азыркы тапта аларды таап, кармоо иши жүрүп жатат. Толук маалыматты дагы билдиребиз", - деген Орозалиев.

Белгилей кетсек, 6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин арызында жазган. Арыз ээси терминалдын өзү 1 500 доллар экенин, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун белгилеп, уурдап кеткен адамдарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости