www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча УКМК катуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. 12 жыл бажыда иштеген Алиярбек Абжалиевдин аялына, баласына катталган 32 фирма, компанияларындагы миллиарддаган байлыгынын булактары изилденип, чара көрүлөбү же ал «экс-президенттин кудасымын» деп эле колун Коконго, бутун Букарга сунуп жата береби? Алиярбек Абжалиев өзү мамлекеттик кызматта иштесе, анын аялы менен баласы баштапкы капиталды кайдан алган? Бажыны майкандаганы жалганбы? Кубанычбек Жумалиевдин туугандарына катталган байлыктарынын сыры ачыкка чыгып, териштирилүүдө. «Мыйзамсыз баюу» беренеси айрым жарандар үчүн эле иштейби?
Эгер баардык атуулдарга талап бирдей коюлса, бажычы Алиярбек Абжалиевдин миллиарддаган байлыгынын чыккан булактары, туугандарына катталган компаниялар, фирмалар тыкыр текшерилиши зарыл. Шорлогон элдин муң-зары жетти окшойт, УКМК Абжалиевге кылмыш ишин козгоп, бирок камакка алууга негедир даабай тургандай...
Булак: Азия News гезити