www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Панфилов районундагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп интернатына бардым. Мектептин шарты заманбап технология менен кыйла өзгөрүптүр. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мектепке заманбап үлгүдөгү имарат курулуп, имараттын ичинде авто унаа, чач тарач жана тикмечилик боюнча окутуп үйрөтүүчү класстар ачылыптыр. Албетте, бул жетишкендиктердин артында мектеп директору Раимбек мырза турат десек жаңылышпайбыз. Раимбек мырзанын үзүрлүү эмгегинин акыбети менен алдыга жылыштар болуп жатканы талашсыз.
Бул жерден коомдук ишмер, Мурдагы Тышкы иштер министри, Профессор Аликбек Жекшенкуловго жолугуп калдым. Окуучулар Аликбек Жекшенкуловичти көргөндө аялуу сезим менен алдынан тосуп чуркап чыгышты. Аликбек мырза ар бир баланы бетинен өөп эркелетип учурашып жатты. Аликбек мырза бул мектеп интернатына 8 жылдан бери колдоо көрсөтүп келет экен. Атайы бир классты өз камкордугуна алып, жыл сайын майрамдарда мектеп интернатына келип балдардын көңүлүн көтөрүп, белектерди берип кубандырып кетээрин айтты. 2010-жылы каргашалуу Ош окуясында кароосуз калган балдар, ушул мектеп интернатына алынып келинген экен. Жаш балдарды көрүп, аларга ар тараптуу колдоолор керек экенин сезип, бул мектеп интернатына колдоо көрсөтүп келээрин белгиледи. Бул ирээт Аликбек мырза камкордугуна алган окуучуларынын классына жаңы парта жана стулдарды белек кылды.
Аликбек мырза балдары куттуктоо сөзүндө: “Кыргызстандын эртеңи, келечеги силерсиңер, жакшы окугула жаман жолго барбагыла, жаман болуш бир паста, жакшы болуш аста аста демекчи, мугалимдердин берген таалим тарбиясын жүрөгүңөр менен кабыл алгыла. Мектепти жакшы окуп бүтүрсөңөр Жогорку окуу жайларына окутууга жардам берем, балдарга камкордук кылуу ар бир инсандын милдети” деп сөзүн жыйынтыктады.
Аликбек Жекшенкуловдун балдарга болгон мамилесин көрүп туруп боорукер адамдардан куру эмес экенибизге ынандым. Кыргызстанда колдоого муктаж жаш балдар миңдеп саналат. Акчаларын самандай чачып жүргөн биздин Чиновниктерибиз, бизнесмен-оллигархтарыбыз, Аликбек мырзадан үлгү алып кароосуз калган жетим балдарга жардам берип кайрымдуулук иштери менен алек болушса жакшы болмок. Бизде көбүнчө шайлоо жакындаганда гана саясатчы- байларыбыз карыларды, жетим-жесирлерди ойлогон болуп саясий упай топтоого аракет кылышат. Ушундай терс көрүнүштөрдөн арылып биздин саясатчы-байларыбыз акчаларын асманга сапырбай, кайрымдуулук иштерине дагы көңүл бура жүрсө деген ойго келет экенсиң.
Булак: NazarNews.kg