www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоолор боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Бул тууралуу  маалыматты Азаттык билдирди.

Маалыматта иш Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси ("Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлардын купуялыгын бузуу") менен козголгону айтылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын Ош жана Баткен бөлүмүнүн жетекчилеринин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттар табылганы кабарланган.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев 29-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов комитетте отчет берип жатканда бул тууралуу айтып, окуяны иликтеп, укуктук баа берүүгө чакырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости