www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Кушрабад районунун 34 жаштагы тургуну Ориф Назаров жергиликтүү милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында каза болду. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Уулунун сөөгүн 5-июлда алган ата-энеси ал милиция кызматкерлери сабагандан кийин өлгөнүн билдиришүүдө. Алардын айтымында, уулунун качан жана кандай шартта каза болгондугу тууралуу эч кандай расмий маалымат бериле элек.

«5-июль күнү мени райондук ички иштер бөлүмүнө чакырып, агам талма оорусу кармап каза болуп калганын билдиришти. Окуя качан жана кандай жагдайда болгону тууралуу эч нерсе айтышкан жок. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары да берилген жок», — деди маркумдун иниси Маруф Назаров.

Назаровдун атасы уулунун саламаттыгы жакшы болгонун айтып, талмасы кармап өлгөн деген версияга ишенбей турганын билдирди. Ал уулунун өлүмүнө милиция кызматкерлерин айыптоодо.

Бирок Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы алимент төлөбөгөндүгү үчүн издөөгө алынган Назаров «жүрөгү кармап» каза болгонун билдирүүдө.

8-июлда жергиликтүү басылмалар Назаровдун өлүмү боюнча Башкы прокуратуранын билдирүүсүн жарыялашты. Анда ал 2-июлда кармалып, Кушрабад РИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, 4-июлда талма оорусу кармап каза болгону жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости