www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Жамалбек Ырсалиев менен абалдан чыгуунун жолу тууралуу баарлаштык.
--Жамалбек байке, коронавирустун айынан өлкөбүздө өлүм көбөйдү. Бул жалпы элдин башына түшкөн сынообу же бийликтин шалаакылыгынан, жоопкерчиликсиздигинен жаралган жагдайбы?
--Бул эми Кудайдын буйругу. Ажал келсе Германиядан айдатып келген самолёт да жардам бере албасын түшүнүшүбүз керек. Бул жеке Кыргызстан эмес, дүйнө элинин башына келген сыноо. Мунун эң башкы себеби, биз Жараткан менен болгон байланышты жасалма кылганыбызда. Жаратылышка жандуудай мамиле жасабай каалагандай булгап, каалаган жерге заара ушатып, жаратылышты кордогонубуз үчүн Жараткан бизге кичинекей вирус менен жооп берип койду. Өкмөт менен Президентти сөккөн менен пайда жок. Алар вируска бөлүнгөн акчаны каяка кетирди деп эле урушуп жатабыз. Алардын колунан келгени ошол. Алдары жетишинче жасап жатат.
--Айтканыңызга ынаналы, Жараткандын берген сыноосу дейли. Чындап жаратылыштын каарына калган болсок эмне кылып абалдан чыксак болот?
--Жаратылыштын каарына калганда Жараткандан кечирим сурап, акылыбызга келгенде бул илдеттен айыгабыз. “Кыргыз Ак Бата Ынтымак Ордосу” деп коомдук бирикме түзүп, келгиле баарыбыз биригип Жаратканга жалынабыз деп бир жыл мурун чуркап баштаган элек. Ал мезгилде дүйнөнү каптаган вирустун дайыны жок болчу. Президентке жаздык, жанындагыларга жолугуп айттык, журналистерге кайрылдык. “Бизди акылынан айныган адамдар чогулуп алып түлөө кылып, Жаратканга жалыналы” деп жүрүшөт дешти. “Теңирчилер окшойт” дешти. Кыскасы, ар кандай ойлорду айтып мазакташты. Анарбай досум экөөбүз биз менен бирге санаалаш болгон инилерибиз жана досторубуз менен үнүбүз жетпейт экен деп ойлоп бирок, аракетибизди улантып эле келе жатабыз. Абалдан чыгуунун жолу бар. Байдан эмес, Кудайдан үмүт кылып тиленишибиз керек. Байлар жардам берсин дебей, Кудай жардам берсин деш керек. Жалпы Кыргыз чогулуп туруп түлөө кылыш керек. Бир учурда баарыбыз бир тилек менен Жаратканга жалынышыбыз керек. Ошондо мээримдүү, боорукер Кудай бизди кечирет!
--Түлөө берип, жарткандан кечирим сурагандан башка илдетти токтотуунун жолу жокпу?
--Жогоруда айттым. Дагы айтам. Жараткандан кечирим сурап, биз талкалап салган мөңгүлөр,тоолор, жашыл арчалар, кайберендер деги койчу жаратылыштын жырткычы болгон адамдар өзүнүн Жаратуучусунан улуу Кудайдан кечирим сурап, Жаратканга жалынган кезде бул апаат токтойт. Кыргыз ошону менен дүйнө жүзүнө чыныгы улуу атабыз Манастын урпагы экенибизди жана кыргыз козголсо кылым козголоорун далилдеп беришибиз керек. Ар бир кыргыз өзүнүн ордун билиши керек. Ошондо буюрса, баары токтойт. Жаратканга жалынгандан башка аргабыз жок. Аллах бизге жардам берсин! Кудай өзү колдосун. Элибиз аман болуп, дүйнө жүзүнө үлгү бололу. Мен ишенем. Кыргыз деген каганат курган эл. Азыр да биздин артыбыздан дүйнө эли ээрчий турган жердебиз...
--Бул илдет менен иммунитетти көтөрүү аркылуу күрөшсөк болбойбу?
--Негизи, адамдын иммунитетин күчтүү тамак менен витаминдер көтөрөт дейбиз. Андан сырткары адамдын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, рухунун тазалыгы, денесиндеги муштумдай эти болгон жүрөгүнүн тазалыгы да иммунитеттке кирет. Бүгүн эле кымыз ичип, чучук жеп же болбосо, бал менен лимон, имбирь ичип жатам, жашылча жемиш менен иммунитетти көтөрүп жатам дебестен, ички дүйнөбүздү тазалап жан дүйнөнүн иммунитетин да таза сакташыбыз керек...Ошондо гана илдетке каршы турушубуз мүмкүн.
--Бул апаат Кыргызстанга кыйынчылык, ыйдан башка эмне берди?
--Бул апаат биздин ким экенибизди таанытты. Кыргыз деген жамандык башка келгенде бир муштумдай бириге кала турган улут экенин көрсөттү. Ооруган адамдарыбызды, алсыз бир туугандарыбызды талаага таштабай турган улуу элдин урпагы экенибизди таанытты...
Булак: NazarNews.kg