www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Алишер Мамсалиев менен айрым маселелер тууралуу сүйлөштүк.
-Алишер мырза, айрым эксперттер эски саясатчылар саясаттан кетмейин экономика жогорулабасын айтып жатышат. Эклономикабыз эски саясатчылардын кесепетинен көтөрүлбөй жатабы?
-Кеп эски саясатчыларда эмес, кеп түзүлгөн башкаруу системасында. Ошондой эле саясый эрктин жана улуттук стратегиянын жоктугунда. Ошон үчүн экономикабыз артка кетип, өргө чыга албай бечел болуп отурабыз.
-Карантин эрте алынганы үчүн илдет жайылып кеттиби?
-Бишкекте маршруткалар ишке киргенде эле бул туура эмес жана жоопкерчиликсиз чечим деп айткам. Карантин алынаар замат ишке кирген шаардык базарлар жана маршруткалар бүгүнкү эпидемиянын күчөшүнүн негизги себеби болду десем жаңылышпайм. Эң негизгиси, бул чечимдер үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Илдетти мындан ары да күчөтпөш үчүн шаарды жаап, көзөмөлдү күчөтүш керек.
-Бул илдеттин шайлоого да таасири тийип калышы мүмкүнбү?
-Коронавируска байланыштуу жагдай сөзсүз түрдө парламенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этет. Менимче, үгүт эрежелери өзгөрөт, баары онлайн режиминде болот.
-Бийликтин сырттан келген каражаттар боюнча берген отчётторуна канааттандыңызбы? Премьер-министр “ичилип, желип кетти деген ушак сөз” деди го?
-Бийлик отчёт бергиче буга чейин коомчулукта түрдүү божомолдор, түрдүү суроолор жаралган. Бийликтен алган насыя жана келген гранттар боюнча коомго толук отчёт бергиле деген талаптар болгон. Кайда жумшалганы, кантип корогонун айтып коюшканы туура эле болду. Ошентсе да, бүдөмүк кылбай бардык нерсени ачык айтып турушса, өздөрүнө эле пайда болот.
-Баса, премьер-министр Кубатбек Бороновдун партияларга кайрылып, шайлоо деген акчаңарды короновирус менен күрөшүүгө бергиле деген сунушу орундуу эле болдубу?
-Кубатбек Боронов мырза биринчиден, өзүнүн милдетин жакшыраак аткарса болмок. Ал эми премьер-министрдин партияларга кайрылып, шайлоого деген акчаңарды коронавирус менен күрөшүүгө бергиле дегени шайлоо процессине кийлигишүүсү. Ошон үчүн анын бул сунушу орунсуз. Анткени, премьер-министрдин андай укугу жок. Эгерде өкмөт өз учурунда баардык тийиштүү чараларды аткарганда, мындай сунуштар менен кайрылмак эмес. Кайрылуунун зарылчылыгы да жок болмок.
Булак: NazarNews.kg