www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Эрнест Карыбековду кепке тартып, саясатта орун алган айрым маселелрдин алкагында пикир алыштык.
-Эрнест мырза, каржы полициясынын дары-дармектердин баасын негизсиз көтөрбөө боюнча жүргүзгөн рейдинен майнап чыгабы?
-Негизи дары-дармектер бир канча байдын бизнеси. Бааларын өздөрү көзөмөлдөшөт. Чектен чыгып, дары-дармекти кымбат сатып жатышса каржы полициясы эле эмес, өкмөттүн алдындагы антимонополдук агенттиги дагы дарылардын баасын көзөмөлгө алышы керек. Тилекке каршы, Өкмөттө, Парламентте отурган коомдук социалдык класс - бул байлардын классы. Ошон үчүн дары-дармектердин баасын ылдый түшүрүш кыйын. Ошентсе да мамлекет өзүнүн функциясын аткарып бааларды ордуна коюш керек. Антпесе, элдин нааразычылыгы көбөйө берет.
-Неге карантин жарыяланаар замат долларды кымбаттатуу адатка айлана баштады?
-Доллардын көтөрүлүшү карантинге тиешеси жок. Бирок, дары-дармектин кожоюндарына окшоп акча алмаштуручуу жайлар спекуляцияга барышы мүмкүн. Муну Улуттук Банк так көзөмөлгө алышы керек. Улуттук Банк жок дегенде жылдын аягына чейин сомдун баасы боюнча прогнозун, жана планын жарыялап коюшу керек эле.
-Премьер-министр Кубатбек Бороновдун “шайлоого деген акчаңарды коронавирус менен күрөшүүгө бергиле” деген сунушу колдоо табабы?
-Премьер-министрдин бул сунушун бирин-серин абийирдүү аткаминерлерден колдоосу мүмкүн. Көпчүлүк байлардан турган партиялар акчаларын элге жумшабайт го... Ушуга чейин унчукпай, пакет таратып элди шылдыңдаган миллиардерлер коомго, элге, өлкөгө эч качан керектүү салымын кошпойт. Маркса таянсак, бул классикалык карама каршылык. Бирок, өкмөт башчы туура чакырык кылыптыр. Олигархтардын сазайын бермейинче бир тыйын да чыгарбайт.
-Карантин илдетти жайылтпоого салым кошо алабы?
-Практикага таянсак карантин илдетти токтотууга салым кошот. Кошту эки ай мурун. Бирок Өкмөт өзгөчө абалды алганда, тартипти баштагыдай сактоону милдеттендириши керек эле. Тилекке каршы, карантин алынгандан кийин элдин баары баштагыдай сактанбай илдет тез жайылып кетти. Ооруканаларга батпай кыйналгандар көбөйдү.
-Башкы штабдын коронавирустун экинчи толкунуна даярдыгыбыз жакшы дегени неге иш жүзүнө дал келбей жатат?
-Анткени, башта катачылыктарга жол берген. Ошонун айынан иштеринен майнап чыкпай жатат. Азыр да Өкмөт, Парламент өзгөчө абалды катуу көзөмөлгө алышы керек. Анткени, булар бийлик бутактары. Мамлекет ушулардын колунда. Булардын көпчүлүгү байлар. Ошон үчүн илдет торуп турган маалда президентке жакшы жардам бериши керек. Азырынча 30 жылдан бери бийликти колуна кармап калыптанып калган байлардын коомдук социалдык классы Президентке жардам бербей эле, тескерисинче тоскоолдук кылып жатышат.
Булак: NazarNews.kg