www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Алишер Мамасалиевди кепке тартып, саясаттагы айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.

--Алишер мырза, Исхак Масалиев азыркы Жогорку Кеңештин деңгээлинен уялып, мандатын тапшырдыбы же келээрки шайлоого кам көрүп, ушундай кадамга бардыбы?

--Исхак Масалиев башка депутаттарга караганда тажрыйбалуу жана кесипкөй саясатчы. Ошондуктан, чыныгы саясатчы катары албетте, өзүнүн саясий келечеги жөнүндө ойлонот. Парламенттин саясый авторитети кечээ эмес, 2016-жылы артка кеткен, ошондуктан мен муну прагматикалык саясий кадам катары кабыл алдым.

--Ирина Карамушкина  Башкы прокурорду сындап, “саясий заказ гана аткарып калдыңыз”-деди. Анын бул дооматы орундуубу?

--Ирина Карамушкина ким экенин жана ал Жогорку Кенеште кандай роль ойной тургандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Анын бүгүнкү максаты Алмазбек Атамбаевдин сот процессине коомчулуктун көңүлүн буруу. Бирок, ошол эле учурда Башкы прокуратуранын да ишинде чынында эле коррупцияга байланыштуу  кемчиликтер бар. Тагыраагы, Башкы прокуратуранын кызматкерлери толугу менен жаңыртылышы керек. Эсиңизде болсо керек, бир прокурор пара менен кармалып бирок,  сот залынан бошотулган. Бүгүнкү күнгө чейин ал иш боюнча эч ким жоопко тартыла элек. Башка фактыларды айтпай эле коеёлу. Мына ушундай жагдайлар Башкы прокуратуранын бүгүнкү күндөгү деңгээлинин көрсөткүчү.

--Жакында берилчү мунапыска кимдер илиниши керек?

--Мунапыс биринчи кезекте аялдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, анча чоң эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдар жана өспүрүмдөр илиниши керек.

Булак: NazarNews.org

Последние новости