www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат Алишер Масалиев майдан.kg гезитине берген маегинде өкмөттө кадрлардын көпчүлүгүн алмаштырыш керектигин айтты.
- Алишер мырза, өкмөттүн айрым мүчөлөрү алмашмай болуптур. Эркин Асрандиев вице-премьер-министр, Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри болсо эле өкмөттүн иши илгерилеп, коомчулуктун сынынан арылабы?
- Замирбек Аскаровду тилекке каршы, тааныбайт экенмин, бирок Эркин Асрандиевди жакшы тааныйм. Ал тажрыйбалуу жана өзүн ишин билген адис. Мындай адистер бүгүнкү күнү өкмөттө иштеши керекдел эсептейм. Бирок, бул эки мырза жаңы кызмат орундарга барса эле өкмөттө абал дароо эле өзгөрөт деп эчким кепилдик бере албайт. Анткени, бүгүн өкмөттө иштеген кадрларды бирин-экин эмес, көпчүлүгүн алмаштырыш керек.
- Өкмөттүн ич ара кадр алмаштыруу аракети отставкага кетпей калуунун жандалбасы эмеспи?
- Эгерде мына жазда өлкөдөгү саясый абал өзгөрүп кетсе, анда бул өкмөт отставкага кетет. Бирок, мен ойлом отставканын ордуна бийлик бир топ өкмөттүн мучөлөрүн кызматынын кетирип, бул өкмөттү сактап калганга аракет кылат. Себеби, шай лоодон кийин баары бир жаңы парламент коалициятүзүп, жаңы премьер-министрди дайындап, жана өкмөттүн жаңы курамын түзөт.
- Бирок, көпчүлүк учурда кадрларды алмаштыруудан майнап деле чыкпай, ал турсун сумма деле өзгөрбөй калган учурлар көп эле болуп жатат го?
- Кадрларды алмаштыруудан сумма өзгөрбөй, иш алдыга жылбай жатканы менен бул деле өзүнчө саясый тактика десем болот...
- Шалаакы өкмөт деп сындаганыбыз менен ошол эле министрлер кызмат орундарын алмашканы өкмөттүн ишине эффект береби?
- Бул өкмөттүн деңгээлин баарыбыз билебиз, өкмөт алсыз, бирок мен жогоруда айткаидай бүгүнкү өкмөттүн келечеги март айында билинет. Булар мартга кетет же шайлоого чейин иштейт. Азыр радикалду кадамга барып өкмөттү кетирип анын ордуна жаңы өкмөт келгени менен ал өкмөт деле парламенттик шайлоого чейин эле иштейт. Ошону эске алышыбыз керек.
Булак: Майдан.kg