www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эркин Асрандиевди кантип вице-премьерликке көндүргөнүн айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден вице-премьерликке талапкерлиги сунушталып жаткан Эркин Асрандиевди кантип ынандырганына кызыккан.

Эл өкүлүнүн айтымында, жаңы кызматка келгенден кийин Асрандиевдин айлыгы 10 эсе кыскарат. Бул суроого жооп берип жатып Абылгазиев акча маанилүү ролду ойнобой турганын билдирди.

"Сүйлөшүү жолу менен эле ынандырдык. Өзүнүн да мекенге, мамлекетке кызмат кылайын деген тилеги бар экен. Мындай маселеде айлык маанилүү ролду ойнобойт деп ойлойм", — деди Абылгазиев.

Эскерте кетсек, буга чейин Асрандиев Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген. Кызматка дайындалгандан кийин экономика, инвестиция жана ЕАЭБдеги маселелерди тескейт.

Белгилей кетсек, кызмат ордун бошоткон мурдагы вице-премьер Замирбек Аскаров 43 миң сом маяна алып иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости