www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент комитетинде Кыргыз мамлекети менен Кореянын ортосундагы аба катнашын ачууга, учуу алкагын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргыз мамлекети менен Кореянын ортосундагы аба катнашын ачууга, учуу алкагын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
"2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg