www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бул багыттагы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөгөн атайын бирдиктүү мамлекеттик тутумду түзүү чарасы сунушталууда.

Демилгечилердин айтымында, бирдиктүү тутум аткезчиликке бөгөт коюп, бюджеттик кирешелердин көбөйүшүн шарттайт. Себеби, азыр көмүскө алкоголдук продуктарды өндүргөндөрдүн саны өтө арбын.

Депутаттар мындай демилге тармактагы мыйзам бузууларды жоюуга жана көмүскө экономиканы азайтууга көмөкчү болорун белгилешти. Алар каражат маселесин инвестиция тартуу жолу менен чечип, мында башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан пайдалануу керектигин кошумчалашты.

Булак: "kenesh.kg"

Последние новости