www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 9-май майрамынын алдында өткөн жылдары кыргыз парламентинин (Жогорку Советтин) аппаратында иштеген Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Мария Кирсанованын үйүнө барып, майрамы менен куттуктады.

Ардагердин ал-акыбалынан кабар алган Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Азыркы жыргал турмуш сиздей апаларыбыздын кан майдандагы көрсөткөн эрдигинин жемиши, талыкпаган каармандыгыңыздардын мөмөсү. Андыктан, өзүңүз аруу тилек, асыл эмгек менен тартуулаган жакшы турмушта аман болуңуз. Эгемендүү Кыргызстаныбыздын өнүгүшү үчүн ак батаңызды берип, көп жашаңыз. Сиздей ардактуу ардагерлерибиз бар, биздин бактыбыз кенен", - деген пикирин билдирди.

Андан тышкары, "Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери мамлекет тарабынан толук камкоордукка алыныш зарыл" - деген Төрага, Мария Кирсанованын саламаттыгынан аймактык дарыгерлер тынымсыз кабар алып, үйүнөн көзөм кылып турушу керектигин эскертти. Бул үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралаарын кошумчалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш Төрагасы парламент депутаттарынын атынан ардагерди майрамы менен куттуктап, жеке Төраганын фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, Согуштун катышуучусу Мария Кирсанова 1954-жылдан 1988-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Иш башкармалыгында консультант болуп эмгектенген.

Булак: "kenesh.kg"

Последние новости