www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Палестинага барабы?

Махмуд Аббас, АКШнын президенти Дональд Трамптын жакында Палестинага келе турганын жарыялады.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, АКШнын президенти Дональд Трамптын жакында Палестинага келе турганын жарыялады.

Аббас бул жарыясын Рамаллахта Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушкан учурунда билдирди.

Аббас, Трамптын карамагында тынчтыкты түзүү темасында Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен жолугушууга даяр экенин маалымады.

Өткөн аптада АКШда Трамп менен жолугушканын эске салган Аббас: «Трампка аны менен кызматташууга даяр болгонубузду жана тынчтыкты түзүш үчүн анын карамагында Израилдин премьер-министри менен жолугушууга даяр болгонумду айттым»,-деди.

Трамп бул айдын акырында алгачкы чет өлкөгө саякатын Израилге жасайт.

АКШ Президентинин ушул убакта Батыш Шериадагы Бейтүллахим шаарына барышы пландалууда.

Аббас, кечээ Russia Todayге берген маалыматында Трамптын Палестина сапарынын 23-майда боло турганын айткан.

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости