www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүздүн эстетикалык көйгөйү ар кайсы жаш куракта, ар кандай себептер менен пайда болот: гормоналдык бузулуу, ички органдардын иштөөсүнүн бузулушу, дерматологиялык оорулардын жыйынтыгында. Болбосо, бетибиз келишимдүү, чырайлуу болуп турганын ким каалабасын!

Натуралдуу алма уксусу- колго жасалган миңдин дабасы.

Ал беттеги тактарга, майда бырыштарды кетирүүгө жакшы. Элдик тажрыйба менен жасалган алма уксусун үй шартындагы косметикага  колдонууну сунуштайбыз. Алма уксусун кантип колдонууга болот?

Алма уксусунун эффективдүүлүгү, анын курамындагы табигый кислота - теринин үстүндөгү бактерияларды  кетирүүгө жөндөмдүү.

Андан тышкары, алма уксусу витаминдерге, минералдарга, антиоксиданттарга жана ферменттерге бай. Безеткиден калган тактарга  алма уксусунан маска. Бул маска - майлуу, көйгөйлүү беттерге жарайт. Ал кирден сактап, терини кургатат (сужает поры). 

Кошулмалар:

2 чай кашык сулуу акшагы

 2 чай кашык бал

4 чоң кашык алма уксусу

Колдонуу: Акшакты ундай майдалап, аны бал менен аралаштырып, ага уксус кошулат. Аралашманы тазаланган бетке сүртүп, аны 20 мүнөт коюп коюңуз. Анан жылуу суу менен жууп, майлуу эмес бет май сүйкөп коюңуз.

М. Шайымбекова

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости