www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов өзүнүн профессионалдуулугун чукул кырдаалда бир нече ирет көрсөтө алган офицер. Ошто өз ишин мыкты билген кызматкер катары тааныла баштаган. 2010-жылдагы Ош окуяларында абалды жөнгө салууда кошкон салымы биздин эсибизде. Курсан Асановдун капысынан ээлеген кызматынан алынышы баарыбыз үчүн күтүлбөгөн окуя болду.  Анын Кой-Таштагы А.Атамбаевдин үйүндөгү кылмыш ишине маанилүү далил буюмдарды тергөө тобуна бербегендиги жана окуя болгон жердеги далил буюмдарды кол менен кармап жылдыргандыгы юрист катары бир топ катаачылыкка жол берди деп ойлойм.

Бул аракет чыныгы өз ишинин адиси генералга жарашпай тургансыйт.  Анан да бул иш боюнча тергөө аягына чыга электе массалык маалымат каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин дарегине карата ар кандай туура эмес пикирлер пайда болуп жатышы бизди тынчсыздандырууда. 

Токтосун Боркошов,Ош ОИИБдин ардагерлер Кеңешинин төрагасы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости