www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан «Жогорку Нарын ГЭС каскадын» куруу долбоору боюнча Орусия менен соттошсо утулуп калат деп эсептейт. Бул тууралу ал бүгүн, 23-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди:

«Ал жерде 37 миллион доллардын 20сын уурдап кетишкен, каякта калганы дайынсыз. Бирок келишимдер боюнча ал биздин моюнубузга түшүп калды. Кайсы гана сотко бербесин, биз утулабыз».

Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун быйыл февралда Орусияга сапары учурунда бул тууралуу сөз болгонун маалымдады:

«Ал маселе козголду. Биздин энергетика министрлигинин жана Орусиянын ГЭСтер тармагын жөнгө салуучу тийиштүү үч-төрт органынын иш процесси жүрүп жатат».

«Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык катталган. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан.

Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. 2020-жылы май айында Кыргызстандын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. Объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрында Нарындагы иш сапары учурунда аталган объектте болуп, «ГЭСтин курулушу жанданат» деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости