www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто бычакталган адамдын жансыз денеси табылды

Ош шаарында бычактын изи жана кесилген жарааттары бар дене табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Ош шаарынын Кукум-бий көчөсүнөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бүгүн эртең мененки саат 8-00дө жергиликтүү тургундар шаардык милицияга окуя болгонун билдиришти.

"Экспертизада дененин алды жагында бир нече курч нерсенин изи бар экени аныкталды. Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган, кылмышка шектүү изделүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Басма сөз кызматы билдиргендей, каза болгон адам болжол менен 30-35 жаштар чамасында, азиат улутундагы жаран экени аныкталган. Ал күрөң свитер жана көк спорттук шым кийип, кыска сакалчан болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости