www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соттук коллегиясы «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алманбет Шыкмаматовдун кылмыш ишин актай турган жагына ыктаган чечим чыгарганы туннелдин түпкүрүнөн жарыктын шооласын бүлбүлдөткөндөй кылды. Ушунун өзү Жээнбеков доорунда соттор калыс иштөөгө бет алды деген зор бурулуштун кичинекей учкуну сыяктуу сезилет.
Эми ушундай калыстык ар кандай саясий шылтоолор менен тизеге чабылып түрмөгө кесилген саясий жана коомдук ишмерлердин кылмыш иштерине карата да колдонулабы кеп ушунда. Ошол иштерди жаңы жагдайларга байланыштуу кароого туура келип калса, аны териштирген соттор Ак үй, Көк үй тарапты карап кылчактабай эле, көз карандысыз актаган чечим чыгарышса бир ок менен эки коен атышат беле?
Биринчиден, тарых алдында, эл алдында азамат атка конушмак. Экинчиден, сот системасы ушул бойдон эле мурдагы көчтүн жолун улап, жарга такалмак беле. Көч баштап бараткан кербен башы атан төөнүн башын башка жакка буруп баштады соттор да ошол көчтү ээрчийт чыгаар.
Судьялар ошол жагын да ойлоп, ушундай чечим чыгарып баштагандыр, Ал эми Ак үй тараптан телефон шыңгырап ушундай чечим кабыл алынса, анда кыргыз шорго туулган эл экен. Кийинкилери кандай болоорун күтө туралы.
Булак: Фабула