www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чудинов күйгөндөй эле бар...

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Игорь Чудинов өзүн мандаттан ажыратуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин "шашылыш чечим" деп атады.

Ал ошондой эле ага карата сот өкүмүн мыйзамсыз деп баалады. Бул тууралуу: «БШКнын отурумуна мени да, менин адвокатымды да чакырышкан жок. Мага алардын чечими таптакыр тушүнүксүз болду» - деп каңырык түтөттү.

Бирок «сот өкүмүн мыйзамсыз» деп баалаганында чындык бардай. Дегенибиз, эң негизга күнөөкөр Чудиновду 5 миллион сом айып менен куткарып, Карганбек Самаковду 11 жылга кесүү чындап мыйзамсыз болгон десек жарашат.

Демек Чудинов мандатынан эле ажырабай, абакта отуруш керек болчу. Мына ушул нерсеге Чудиновдун ичи ачышып жатат. Күйгөндөй эле бар. Баса, эми Чудиновдун ордуна "Бир Бол" партиясынан Бактыбек Турусбековго мандат берилди.

Булак: Фабула
 

Последние новости