www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамэкотехинспекция өзүнчө эле монстрга айланып калды. Ал бакандай 12 мамлекеттик органдын ишин көзөмөлдөйт экен, анын ичинде экология, базар, курулуш сындуу ири тармактар бар. Ошондон улам, ал жерде туташ коррупциялык жосундар орун алууда. Өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Өткөндө Мамэкотехинспекциянын коррупцияга шектелген 6 кызматкери камалды. Бүтүндөй бөлүмү пара алышат экен. Мындай абал коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда. Көзөмөлдүк ыйгарым укуктарды бир мекеменин колуна берип коюу коррупциялык жосундарга алып келерин турмуш өзү көрсөттү. Менимче, экологиялык жана өрт коопсуздугу боюнча көзөмөлдү мурдагыдай эле ошол тармактардын өзүндө калтыруу зарыл», - деди ал.

Последние новости