www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жарандар Санкт-Петербургда тапанча менен аялга кол салышты. Бул тууралуу “Комсомольская правда” басылмасы  билдирди.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы кыз сумкасын тартып алган төрт чоң кишиге туруштук бере алды. Кыздын жанында чоң суммадагы акча бар болчу. Ал жарнамада көргөн браслетти сатып алуу үчүн көрсөтүлгөн дарекке келген.

“Мен зергер эмес, жөнөкөй эле браслетти алганы бараткам. Ал 1300 рубль эле турат. Ошол учурда төрт адам чуркап келе жатат. Алар мага кыйкырышып, сөгүп жатышты. Эмне үчүн сумканы берген жокмун? Сыягы, шок абалда болуп калдым. Мындай учурда андай адамдардын жинине тийбеш керек. Бирок, стресс абалда, адам өзүнө өзү отчет бере албай калат. Мен өзүмдү ойлогон жокмун. Мен сумкам менен ичинде акчаны ойлоп жаттым. А тапанчадан мен корктум. Алар тапанча менен сол бутума атышты, бирок сумканы мен коё берген жокмун. Тапанчаны башыма көрсөткөндө гана коё бердим. Ошондо мен эч нерсе кыла алган жокмун. Окуя болгонун бир күн өткөндөн кийин гана башым кабыл алды. Азыр дагы тарай элек”,-деп окуя тууралуу жабырлануучу айтып берген.

Окуя видео көзөмөлгө түшүп калган жана ал интернетке тарап, вируска айланды.

Кызга бир ок тийген, бирок ал уурулар менен кармашып, сумкасы менен баштарына чапканды уланта берген. Натыйжада уурулар сумканы жулуп алып, качып кетишкен. Бирок, кыз кылмышкерлер отурган унааын номурун жаттап калган. Ушул номур аркылуу каракчылар тез эле табылган.

Жабырлануучу Петербург ИИБине арыз менен кайрылып,  өз арызында сумкада 230 миң рубль, телефон жана документтер бар экенин көрсөткөн. Аталган факт боюнча “Уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Полициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү катары 24 жаштан 34 жашка чейинки төрт киши кармалган. Анын бардыгы ортоазиялыктар жана эч жакта иштешпейт. Шектүүлөрдүн экөөсү Россияда каттодо жок жана өлкөдө мыйзамсыз жүрүшкөн.

Кармалгандардын баары Кыргызстандын жарандары. Алар камакта отурат. Кыргызстандыктар өздөрүнүн күнөөсүн моюнуна алышкан. 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости