www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдова жаңгактан жылына  100 миллиондогон киреше алат. А бизчи?

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Масабиров Талайбек өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө 5,5 гектар көрсөтмө өткөрүлүүчү жай курууну сурады. Анын айтымында 7 облустун ар биринин өзүнө тиешелүү продукциясы бар:

“Мисалы, жаңгакты алсак, Молдова жаңгактан жылына  100 миллиондогон киреше алат. Ишкерлерди, өндүрүшчүлөрдү колдоо керек. Биз көргөзмө десек эле Спорт сарайын карайбыз. Спорт сарайы кичинекей, шарт да жок.

EXPO- эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги көргөзмө. Ал жерден башкалар автоунааларын, продукциясын көргөзмө аркылуу дүйнөгө таанытып жатат. Биз да товарларды экспортко чыгарсак, экономикада өсүү болот. Россияга жиберилген продукциялар ар кандай тоскоолдуктарга учурап, чирип, көйгөйлөргө туш келип жатат",- деп айтып, Масабиров  курулушту колго алууну сурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости