www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жубайымдан көңүлүм калып баратат, бирок...

«Эркек башы менен ушуну кантип жазды? Алсыздыгы ушул да, ажырашып деле кетпейби, аялын катуу айтып тарбиялап койбойбу» деп айтышыңар мүмкүн. Аны билем. Бирок жазууну туура көрдүм. Балким, кимдир бирөөнүн ойлонуусуна, үй-бүлөдөгү сый-урматты, ынтымакты, тынчтыкты сактоосуна түрткү болоттур.

Учурунда үйлөнүүгө шашкам. Атам менен апамдын «коё тур, балам, 2-3 жыл иште, анан деле үйлөнөсүң. Жашсың, үй-бүлө деген оңой эмес, жашап кетериңерге көзүңөр жетеби?»деп тынчсызданганына карабай, үйлөнөм деп көшөрүп жатып үйлөнгөм. 3 жыл сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп, ата-энебиздин "коё тургула" дегенин кулак сыртынан кетирип, эки үйдүн эркелери баш кошконбуз. Баш кошкондон кийинки жашоо жөнүндө ойлонбоптурбуз деле. Бири-бирибизди жакшы эле билгендей болгонбуз дейин десем, өзүмдү деле толук таанып бүтө элек экенмин. Үйдөгүлөргө эркелеп, эч нерсе менен ишим жок жүрүп эле үйлөнүп алгам да. Жашоодогу жагдайларда эркелигим, ата-энемсиз эч бир ишти бүтүрө албаган чечкинсиздигимдин кесепети эле тийип жатат. Аркы-беркини эптей албай азыр да кыйналып жүрөм. Урунуп-беринип, эки жакты көрүп эле үйлөнгөн туура окшойт деп калам.

Үйлөнүү оңой, үй-бүлөнү күтө билүү кыйын дегендин чындыгы бар экен. Баары кийин башталды. Балким, күнөө мендедир. Келинчегимди башынан туура эмес тарбиялап алгандырмын. Же аялым тыңдыкты ажаандыкка алмаштырып алдыбы, айтор, биздин мамилебизде гармония жетишпей жатат. Үй-бүлө эркек же аялдын аракети менен сактала турган нерсе эмес экен. Үй-бүлөнү түптөп, турукташтыруу үчүн эки адам бирдей күч жумшап аракет кылып, бирине-бири колдоо көрсөтпөсө, бат эле урап калчудай.

Ойлоп көрсөм, келинчегимдин болор-болбоско ызылдай бергени, шүгүр кыла билбегендиги мамилебиздин бузулуусуна алып келгендей. «Жаман аял жаандан жаман, жаан үйгө кубаласа, жаман аял үйдөн кубалайт» деген ойчулдардын кеби сыңары, жубайың урушка себеп издеп эле турса, ага болгон байлануу жоголуп, алоолонгон сүйүүң деле суу кечпей калат экен. Башка кеп түгөнүп калгансып болгонун болгондой сыртка, туугандарына айта бергенин туура көрбөйм. Бул адатын калтырбас болду. Мунун тегерегинде бизде талашып-тартышуу көп болот. Бизди эле тыңшап тургандай кайын журтум мамилебизге башын сала берет. Айта турган, айтпай турган нерсе бар дегендей. Бир нерсе десең "кетем эле, кетем"деп коркутат. Теңелбейин десем бийик сүйлөгөнү жетип кетет. Теңелдим дегичекти уруш чыгат. Ажырашууну каалабайм. Бул жол менен маселемди чечким келбейт. Уулубуз бар, быйыл төрткө чыкты. Анын бөтөн колдо, анан дагы атасынан же энесинен оолак өсүшүн каалабайм. Бүтүн үй-бүлөдө өскөнүнө эмне жетсин? Ажырашуу оңой. Бир кадам менен ишке ашырып койсоң болот. Бирок эртеңимди дагы бир адам менен жашоо күтүп турбайбы. Дагы бирөөнүн колун кармап, ага көнүп, анын мүнөзүн түшүнүп, кайрадан жаңы бүлө түптөп аны эптөөгө убакыт керек. Мейли, ал миң жакшы болгон күндө деле жүрөктөгү эски так, көзүн жалдыраткан балаң, салыштыруулар, балким, өкүнүүлөр...

Биздин ушундай мамилебиз ата-энемдин, деги эле жакындарыбыздын да тынчын алып жатканын сезип эле жүрөм. Ата-эненин ар дайым баласына тилеги аруу эмеспи. Уул-кызы жакшы чыгып, жашоодон өз ордун таап, жайланышып калса төбөлөрү көккө жетип, ошол алардын жан дүйнөсүнө тынчтык эмеспи. Мен деле аларды санаага салгым келбейт. Болгон күчүмдү жумшап жашоомду бир калыпка салгым келет. Бирок... Сүйүп алган жубайымдан көңүлүм калып баратат. Кээде кадимкидей тажайм. Бирок ажырашып эмес, аракет кылып ушул абалдан чыгып, үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Кылам десең эч качан кеч болбойт деп учурда өзүмдүн үстүмдөн иштеп жатам. Мүмкүн, сиздердин пикириңиздер мага туура багыт береттир...

Арслан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости