www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия кооптуу оорусу бар мигранттарды өлкөдөн чыгарат

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кооптуу оорусу бар мигранттарды өлкөдөн чыгарууну сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Долбоордо каралгандай, коопту делген ВИЧ-инфекциясы, гепатиттин В жана С түрлөрү, кургак учук, күйдүргү, кара тумоо, коронавус өңдүү илдеттер менен ооруган мигранттар Россиянын аймагынан депортацияланат.

Буга чейин, Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин “Коронавирусту жугузуп алган чет өлкөлүктөрдү депортациялоого мүмкүнчүлүк берилет. Биз алды менен өз жарандарыбыздын коопсуздугу жана саламаттыгы тууралуу ойлонушубуз керек”,-деп билдирген.

5-февралда Кытайдын Ухань шаарынан Тюмень облусуна 144 адам эвакуацияланган. Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикованын айтымында, орус учактары менен алынып келинген чет өлкөлүктөр карантин аяктагандан кийин өз өлкөлөрүнө кете алышат. Буга чейин Орусия Кытай менен аба жана темир жол байланышын токтоткон.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости