www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Numbeo сайтынын рейтингине ылайык, 2024-жылдын 6 айында Бишкек Борбор Азиядагы жашоо үчүн кымбат шаарлардын арасында үчүн орунду ээледи.

Борбор Азиядагы «эң кымбат шаар» деп Казакстандын Алматы шаары табылды. Кийинки сапта Астана, үчүнчү орунда Бишкек жана төртүнчүдө Ташкент турат.

Аталган рейтингге дүйнөдөгү 218 шаар кирген. Анда дүйнөнүн «эң кымбат шаары» деп Швейцариянын Женева калаасы, «эң арзан» деп Пакистандын Карачи шаары айтылат.

Кыргызстандын борбор калаасы дүйнөлүк рейтингде 197-орунга, Алматы — 164, Астана — 176 жана Ташкент 201-орунга жайгашкан.

Рейтинг колдонуучулар тарабынан турак үйдүн ижара акысы, азык-түлүк, тамактануучу жай жана башка мекеме-жайлардагы баалары тууралуу калтырылган маалыматтардын негизинде түзүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости