www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак таӊдай акын Элмирбек Иманалиев кыргыз элинин сыймыгы, төгөрөгү төп келген орошон таланттын ээси, ченебеген сөз чебери, асманда жанган ак жылдыз эле. Жазымыш ушул экен, арабыздан эрте кетти. Мынчалык ичим эӊшерилген эмес эле…

Бул жарыкчылыктан кимдер өтпөгөн? Бирок бүтүндөй улут жоктоп, кабыргасы кайышып аза күткөн өзүӊдөй асылдар сейрек болоор. Аттиӊ, Кудайдын мээри түшкөн мыктылар аз жашайт экен. Жараткан өнөрдү, талантты ченебей берген менен өмүрдөн өксүтүп, бакыттан кемитип коёт тура, бир кем дүйнө…

Кырктын кырынан жаӊы ашып, болуп-толуп турган чагында чырактай жанган өмүр жалп өчөөрүн ким билиптир?.. Айтылбай ырлар, жазылбай канча обон калды? Кол тийсе кылы чырт үзүлчүдөй, муӊканган комуз калды чертилбей.

Арман дүйнө, кылымда сиздей жаралбас. Күн-түндөп айтса түгөнбөс, ыр-күүдөн бүткөн кенч болчусуз. Улуттун уӊгусу, көөнөрбөс өнөрдүн көрөӊгөсү сизде уюп жатчы. Акындардын алпы, төкмөлөрдүн төрөсү болсоӊуз да, дарметиӊиз толук ачылбай, бул аалам тардык кылып жаткандай сезиле берет эле…

Булуттуу көктүн астынан, буралган чөптүн үстүнөн, туягын жерге мылгытып, көкүлүн көккө ыргытып, талыкпай чуркаар кезиӊизде, жер тардык кылып, деӊизге кирип кеткен Толубай сынчынын Көк тулпарындай, бул ааламга батпай, чүрүшкөн туяк жазылбай, бүрүшкөн канат ачылбай, барса-келбес туӊгуюкка сиӊип кеттиӊиз.

Булбулдун тили эрте катат тура. Эми сиздей өнөрдүн өзөгү, таланттын тамыры болчулар жаралабы?.. Жаралса да, сиздейлер сиздей боло албас. Таланттардан кашка элеӊиз, жан бүткөндөн башка элеӊиз.

Айрымдар таланты ташкындап турса да, адамгерчилик касиеттен куржалак болсо, сизде талант да, өнөр да, адамдык касиет да өзгөчө болчу. Өтө жөнөкөй элеӊиз. Улуу адамдар жөнөкөй болоорун сиздин баскан-турганыӊыз тастыктап турчу.

Чыныгы талант ээлери аз, саз жашайт деген чын тура… Акыркы биз эс тарткан доордон бери, аз жашап кыргыз-казакка бирдей бийик кадыр күткөн сиздей мыктыларды санасак беш манжа жумулбайт. Ала-Тоодой бийик, Ысык-Көлдөй тереӊ элеӊиз. Казактын даркан талаасындай кенен элеӊиз.

Өзүӊүздөй кайталангыс залкарды жоктоп эчендеген эскерүүлөр, арноолор, чыгармалар жазылаар. Бирок баары бир ордуӊуз толбос. Туурунан учкан шумкар кайрылып кайра конбос. Сизчелик жан-дүйнөнүн аруулугун кирдетпей аздектеп таза кармап, ыйык туткан жан болбос.

Кош деп айтканга ооз барбай турат. Сиз өлбөстүктү жаратып кеттиӊиз. Эл эркеси сиз барсыз, өлгөн жоксуз…

Алмаз Темирбек, "Фабула" гезитинин башкы редактору

Булак: NazarNews.kg

Последние новости