www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күтүүсүз өлүм…Ар бир кыргыздын жүрөгүн оорутуп, көңүлүн сыздаткан маркум, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев бүгүн кыргыз элин түбөлүккө таштап кетет. Элмирбек ага, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко, караңгы көрүң жарык болсун. Бүгүн, сиздин чындык тууралуу айткан сөздөрүңдүздү эске алалы, эсибизге салалы.

СОҢКУ КЕЗДЕГИ БИЗДИН ЖАШООДОГУ БИР ЧЫНДЫКТАР:

Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын -- сабырыбыз төмөндөп барат.

Жолдорубуз кеңейген сайын -- көз караштарыбыз тарып баратат.

Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз.

Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз.
Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөөлөр азайып баратат.

Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду.

Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт.

Билермандарыбыз көп, андан проблемаларыбыз азайып калган жок.
Медицина өнүккөн сайын ден-соолугубуз начарлап барат.

Юмор көп, бирок жылмайган адам аз.

Дааватчылар, молдолор көбөйдү бирок адепсиздик андан көбөйүп, ыйман, пейил жок.

Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз.

Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз.

Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук.

Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз.

Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок көп жек көрөбүз.

Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз.

Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлүк денедей, агып кете берет.

Космос жөнүндө адашпай сүйлөп бере алабыз. Бирок бир адам менен он жолу телефондошуп, араң табышабыз.

Чоң иштерди сүйлөйбүз, кичине иштерди кыла албайбыз.

Жаратылыштын экологиясы деп кыйкырабыз, жаныбыздын экологиясына кам көрбөйбүз.

Көптү пландайбыз, азга жетебиз.

Шашканды үйрөндүк, бирок күткөндү унуттук.

Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок.

Мына ушундай...

МҮМКҮН УШУЛ КҮНДӨН БАШТАП ӨЗҮБҮЗДҮ КАЙРА КАРАШТЫРЫП КӨРӨРБҮЗ...

Автор, Элмирбек Иманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости