www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министрлиги "бөрк ал десе баш алган" органга айланып баратат. Эң негизги маданият тармагындагы ишмердүүлүгүнө басым койбой, маалымат айдыңында жалган маалымат издеп майдаланып, бийликтин эки тизгин бир чылбырын уучтаган чоңдордун "буйругуна" кулдук уруп калышты.

Өтө өкүнүчтүүсү, сот бийлигинин ыйгарым укуктарын энчилеп алганы... Бийликтин жогорку сересиндеги төбөлдөргө айтылган сын материалдарды "мунжу логикага" салып жалганга чыгарып, өздөрү эле чечим чыгарып, соттун ролун аткарып жатышат. Жалган маалымат экенин сот аркылуу аныктап, аргумент келтирбестен, өздөрүнө ылайык келбеген маалымат болсо эле баса калып жалганга чыгарып, жабылсын деп коркутканды өнөкөт кылып алышты.

Негизи фейк-троллдорго шылтоолоп "Анык эмес жалган маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынып жатканда, бул мыйзам журналисттерге, маалымат каражаттарына каршы иштеген бийликтин куралы болоорун журналисттер эчен ирээт кан какшап айтышып, президентке чейин кайрылууларды жолдошкон. Тилекке каршы, "токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет" болуп, бийликке дал ушундай өздөрүнө жакпаган маалымат булактарын, журналисттерди ооздуктай турган мыйзам керек болду. Мына бүгүн ушул мыйзамдын негизинде өз билгендерин кылып жатышат. Кылт этсе эле жалган, чындыкка дал келбейт деген шылтоо менен сөз эркиндигине, ой эркиндигине, демократиялык баалуулуктарга чабуул жасалып, тамыры кыркылууда. Буга, "Азаттык", "Клоп", "Кактус медиа", "Полит Клиника", "24. kg", "Назар ньюс" маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө болгон басым-кысым ачык мисал боло алат.

Айталы, мына Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу "Назар ньюс" сайты жазган маалымат чындыкка дал келбесе, кадыр-баркына шек келе турган болсо, өз чындыгын сот аркылуу далилдеши милдет.

Андыктан, Маданият министрлиги кайсы бир сын материалды жалган маалымат деп чечим чыгарып, маалымат булагын жабылсын дегенден мурда, ар бир сүйлөм, сөздү талдап, жалгандыгын сотто далилдөө керек. Экинчиден, экинчи тараптын да соттон өз чындыгын, укугун коргоого укуктук жактан мүмкүнчүлүгү болуш керек. Себеп дегенде, Маданият министрлигинде акты ак, караны кара деген билимдүү, сабаттуу, компетенттүү орун басарлар иштеп жатпаса керек. Баары алардын "аксак логикасы" менен жалганга чыга берсе, сөз эркиндиги, ой эркиндиги, демократиялык баалуулуктар тебеленип, ооз ачкыс болобузбу?..

Эгер Маданият министри соттун ролун аткарып, өздөрү эле кайсы чындык, кайсы жалганын чечип койсо, анда соттун эмне кереги бар? Эмне Маданият министри кайсы маалымат чындык десе, чындык болуп, жалган десе жалган деп кабыл алышыбыз керекпи? Эмне Маданият министрлиги чындыктын символубу? Же эмне жылаңач чындык Маданият министрлигинин короосунда "кудукта" кийимин кийе качкан жалганга муштум кезеп отурабы? Чындыктын түркүгүн жападан жалгыз Маданият министрлиги тиреп турса да, арыдан-бери болуш керек го.

Алмаз Темирбек, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости