www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев мурунку президент бийлигин көмүскө улантуу үчүн мурдатан эле кыйды схема түзүп келгенин боолголойт. Ал “Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүү демилгеси менен Сапарды премьер-министр, Фаридди аппарат башчы кылып дайындашынын ортосунда алысты көздөгөн таасын байланыш болгондугуна барган сайын көзү жетип баратканын жана аягында Сапар да, Фарид да мындай оюндун курмандыгы болуп калышканын” айтат.

- Көмүскө Президент болуп кала берем деген ой болгон да. Сапар күчөп, баарын өзү чечип, Фарид болсо Жээнбековдун ар бир кыймыл аракетин көзөмөлдөп турмак. Негизинен, Президенттин эң биринчи Коопсуздук Кеңеште сүйлөгөн сөзү Атамбаевге чоң сюрприз болгон. Атамбаев ошондон кийинки маалымат жыйынында айтты го: Жээнбеков ага даярдап берген сөздү окубай, өзү билемдик кылды дегендей мааниде. Мунун артында Фариддин кулагы чекчейип көрүнүп турбайбы, - дейт Акматалиев.

Эксперт, ошондой эле, “парламентаризмди бекемдөө кебетесин кийип келечектеги Президенттин ыйгарым укуктарын атайылап алсыздандыруу жана Аталык системасын киргизүү” ою болгонун айтат.

- Шайланган Президентти тияк-биягынан курчап, кол бала кылып, өзүнүн тымызын башкаруусун уланта берүү. Болот Суюнбаевди финполго кайра дайындоосу да ошол негизги пландын бир бөлүгү болгон. "Эмне кылаар экен", “унчугалбайт” деген адыраңдаган ой болгон экен да. Эгер ошондо жаңы Президент өзүнүн күчүн көрсөтүп койбогондо, даана бардак болмок окшойт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости