www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн сырын ачам деп болгон күч- аракетин жумшап, экспертизанын, тергөөнүн артынан сая түшкөн досу Каниет Жыргалбеков агынан жарылды. Анткени айрым адамдар "досуңдун өлүгүнөн пиар жасап жатасың"-деген дооматтарды койууда. Куру дооматчыларга Каниет Жыргалбеков өз чындыгын айтып берди. 

- Кеп башынан болсун. Биринчиден мен өзүмдү пиарлаган жокмун! 

Экинчиден мен интернет чукулап эле отурган жокмун, калп эле эл көзүнө күйгөн жокмун!.

Интернет аркылуу элге бөлүшүп атканымдын себеби бар. Жогору жакка үнүң жетпесе элге айтат экенсиң да! Элге күндө ар бир маалыматты айтсаң, арасынан өзүн пиарлап жатат дейт экен. Мындай жоготууну мен душманымдын да башына келбесе экен дейм, эгер келип калса ошондо мени түшүнөсүңөр.

Улан жанымда жүргөнсүп эле жыйынтык билип бергим келет. Балким киши колдуу, балким өзү чөгүп кетти,мен болгону чындыкты чыгарып бергим келет. 

"Интернетте отура бербей кыймылда" дегендерге кебим бар. Кыймылдап жатам, бирок элге жар сала бербейм. 

Атайын Ысык- Көлгө барып прокуратуранын директору менен жолугушуу уюштуруп иштин кандай жүрүп жатканын сурадым. Тергөөчү топтун башчысы менен жолуктум алар менен кичине уруштум, тергөөчү кылып жаткан ишке ыраазы болбой, дагы бир тергөөчү коштурдум. Учурда ата-эне, аялы, тууган досторунан түшүнүк алып башташты! 

Уланга биринчи жардам көрсөткөн Акун пансионатынын медайымынан "АЗАТТЫК" интервью ала албай койду эле, биз интервью алдык. Ал жерде эч коркунуч жок болгону, кандай жардам көрсөткөнүн айтып берди. Эмне укол сайганынан бери айтты. 

Улан чөккөн жерге барып атайын сууга түшүп текшерүү жасадык. Ал жерде дароо кирип кеткен чуңкуру жок, акырындык менен тереңдеп кетет экен.

А айрым маалыматтарда дароо кирип кеткен чуңкур деп туура эмес маалымат беришкен! 

Тез жардам кызматына барып алардан кандай жардам көрсөткөнүн тактап, алар менен маек кылдык. Уланды алып келген машинаны да тарталы дедик эле тез жардамдын директору КЫРЧЫН жайлоого айдатып кетиптир.

И баса тез жардамда өзү 5,6 адам иштейт. Кызыгы, директору анан орун басары бар экен. Директору тыңырак машинасын ушинтип айдатып кетет...

Экспертизага күндө барып, ошол жерде догурунуп, кээде жаман көрүнүп отуруп атам. Кандай кылышса да тез жыйынтык берсе деп...

Уланга күйгөн учурда ата-эне, бир туугандары айылда болуп жатат, абалдарын түшүнүп жатсаңар керек. А мен бул жакта маалыматтарды тактап берип койоюн деп жүгүрүп жүрөм.

Өзүн пиарлап жатат деген ойдон алыс болгула! Өлүк менен кантип адам өзүн пиарласын!!! Пиарлап ат жасагандай эртең концерт койчу ырчы эмесмин!- деди Жыргалбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости