www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдө эреже бузуп дүкөн жана кичи кафе курган 20дан ашуун адамга эскертүү берилди. 7-8-август күндөрү Ош аймактык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын адистери текшерүү жүргүзгөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Маалыматта Бабараимов көчөсүндө, Навои, Масалиев көчөлөрүндө күркөлөр, тамактануучу жайлар мыйзамсыз курулуп, кызыл сызыктан чыгып кеткени айтылат. Эреже боюнча дүкөндөр менен жолдун же тротуардын ортосундагы аралык эки метр болушу керек.

Курулуш ээлери бир ай ичинде талаптарды аткарбаса, дүкөндөр сүрдүрүлүп, ишкерлерге айыппул салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости