www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү башты бийик көтөрүп, жаңы, мүмкүн тарыхий Баш мыйзамды жазууга активдүү катыштык деп сыймыктанып жүрүшү керек! Мындай пикирин саясат таануучу Алмазбек Акматалиев билдирди.

Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнө кайрылам! Сиздер Чоң жана Маанилүү иш жасадыңар! Социалдык тармактагы 50-60 киши силерди басмырлап, күнөөлүү кылып койсо эле, чүнчүбөгүлө! Башты бийик көтөрүп, жаңы, мүмкүн тарыхий Баш мыйзамды жазууга активдүү катыштык деп сыймыктанып жүрүшүңөр керек!

Бул да болсо интеллектуалдык, укуктук жана саясий чоң иш болду! Сиздер да кыргыздын мекенчил, мамлекетчил, патриот уул- кыздарысыңар демекчимин. Баш мыйзамга да силердин демиңер, билимиңер, акыл-парасатыңар, саясий көз караштарыңар камтылды...Бул Конституция бүгүнкү Кыргызстандын татаал саясий-социалдык маанайын чагылдырып жатат, элдин мүдөөсүн, талабын, анын 2021 жылдын 10 январындагы референдумда болгон тандоосун айгинелеп жатат!

Албетте, силердин колуңардан чыккан Конституциянын текстти идеалдуу эмес, талаш-тартыштарды жараткан текст. Кемчилдиги да бардыр...

Бирок, баарын убакыт тастыктайт! Сиздер элден же тарыхтан уялчуу иш кылган жоксуңар. Жеке кызыкчылыгыңар да болгон жок, Кудай турат! Көбүңөр илим-билим жаатында менин пикирлеш-кесиптешимсиңер! Баарыңарды сыйлайм жана урматтайм. Мүмкүн, мындай эбегейсиз чоң саясий-укуктук иш чарада биринчи жолу окумуштуулардын, илимдин доктор менен профессорлордун үнү кенен угулду, кабыл алынды жана урматталды! Бул да болсо чоң сыймык жана андан кем калбаган жоопкерчилик демекчимин!

Конституциялык Кеңешменин мүчөсү болбосом да активдүү катышканга аракет кылдым. Акыбетибиз кайтсын! Болочок кыргыздын Баш мыйзамы ак-жолтой болсун, Кыргызстанды алдыга сүрөгөн мыйзам болсун деп айтмакчымын», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости