www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Акматалиев:

 Дүйнөлүк агымдан калбашыбыз зарыл. Мындай пикирин саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айтты. 

--"Улуттук идеялардын түзүмү так ошол Улуттук Идеология дегенибиз туура болоор! Кыргыздын өзүнө таандык бүт асылнарктарын (тилин, маданиятын, Манасын, комузун, дастандарын, комузун, боз үйүн ...) сактап калып, Заманбап улутка айланышыбыз маанилүү! Дүйнөгө биз ошол Улуттук өзгөчөлүгүбүз менен гана кызыкпыз! Маанилүүбүз!

Заманбап улут деген болсо бул Билим, жаңы технологиялар, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана өркүндөтүү, жаратмандык, алдыга умтулуу! Жалаң эле өткөнүбүздү мактап-жактап жүргөн иллюзиядан айрылыш керек! Өткөндүн пайдубалында заманбап мамлекетти куруу вазийпасы турат! Дүйнөлүк агымдан калбашыбыз зарыл.

Мыкты билим жана чыгармачыл жаштар гана бизди сактап калат. Биз орус да, корей да, кытай да, арап да, түрк да боло албайбыз! Биз Кыргызбыз! Эми заманбап жана ийгиликтүү кыргызга айланышыбыз зарыл!", - дейт Акматалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости