www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас Арабаевдин кадрлары коркунучтуу оюндарды баштады. Парламентте прокуратура өздөрүнүн зоболосун көтөргөн мыйзамдарды иштеп чыгышып, өткөрүп алышты. Өткөрбөй көрүшсүнчү «өтүн сууруп», тордун артына тыгып коюшат. «Чимкирик» депутаттар чимкиринип, какырынып-түкүрүнүп, «монстрлар» дешип, ичтеринен сөгүнүп-сагынып кала беришти. Альчиев Рысбек Манас Арабаев жөлөп-таяп кызматка көтөргөн кадр. Ал эмеси ушул эле прокуратуранын Башкармачылыгынын начальниги «Азаттыктагы» Али Токтакуновдун уйкашы Кумар Токтакунов Спецпрокуратуранын машинасын айдап шопур болуп жүргөн. Атамбаевдин шопуру Илмиянов мамлекетти бийлеп жаткан 2014-жылы Манас Арабаев шопурдан түз эле прокурорлукка секиртип, көз ачып жумгуча прокуратуранын эң күчтүү Башкармачылыгын жетектеп калды. Манас Арабаев эл-журтка кыянатчылык кылгандыгы үчүн мансабынан айрылган, Кумар Токтакунов сыяктуу шопурлар прокурорлук кылышып, Арабаевдин иштерин ийгиликтүү улантып жатат. Ушуга окшогон Манас Арабаевдин кадрлары Зулушевдин артына туруп далдоолонуп алышып, өз билгендерин кылып оюн жүргүзүп жатышат. Учурда 90 миллион сом салыгын төлөбөй жүрүп финансы министрине жеткен, өзүн криссталдай таза сезген Акылбек Жапаров ар кимдин мойнуна «Кумтөр» боюнча кур жалааларды илип каматып жатат. «Кумтөр» боюнча чыныгы күнөөкөрлөр Аскар Акаев, Бирнштейн, Турсунбек Чыңгышов «ламбада» тээп басып жүрүшөт. Манас Арабаевдин көзгө басары Альчиев торун канчага жаяр экен? «Центеррага» такап каматып жаткан Жапаровдун «ДАМАСы» кайрадан күжүлдөп иштеп күн батыш тарабы жаркырап ремонттон өттү. Эмне ал жер Жапаровдун финансы министр болушун күтүп жатканбы? Анткени, биринчи минфин болгондо ДАМАС башталган. Атамбаевдин заманында экинчи минфин болгондо күн батыш тарабынан башкасы биротоло бүткөн, эми күн батыш тарабы күркүлдөп, ДАМАС алдына киши салбай калды.

Манас Арабаев деген ким? Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаев 2018 –жылдын 15- майында кызматынан алынган. Соттордун үстүнөн сот болуп келген Манас Арабаев далай бейкүнөө адамдарга жалаа жаап, эч кылмышы жок болсо да, ойдон чыгарылган кылмыш иштерин токуп, бир катар соттук иштерге кийлигишип, аларды үстүнөн карап, сот ал каалагандай өкүм чыгарыш үчүн кысым жасап келген. Манас Арабаев сот иштерине кийлигишкени аз келгенсип, сот тармагындагы кадрдык саясатты алаканына салып өзү билген. Манас Арабаевдин буюртмасы менен сотто эч нерсе болбогондой жалган дооматтын барын чын деп жатканда, буларда эч бир адамдык сапат жок экенин түшүнсө болот.

Манас Арабаевдин түрткүсү менен ким жалаа менен, ким өз күнөөсү менен камалган?Бийлик дурманы башты айланта баштап, күнөөлүбү, күнөөсүзбү Атамбаев бийлик башында турганда кылмыш иши козголгондорго назар салып көрөлү. Мунун көпчүлүгүн башында «Бөрк ал десе баш алган» Манас Арабаев турган.

1. Садыр Жапаров, президент. Бийликтин өкүлүн барымтага алган деп күнөөлөнүп 11,6 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

2. Карганбек Самаков, экс-депутат. Манасты ааламга тааныткан аракети үчүн ич күйдүүлүк менен айып тагылып 10 жылга эркинен ажыратылган. 2021-жылдын 6-июлунда толук акталып чыкты.

3. Бекболот Талгарбеков, мурунку вице-премьер, айыл чарба министри. «Элдик парламент» түзгөндөн улам жалган жалаа менен камалып, Кылмыш-Жаза Кодексинин бийликти зордук менен тартып алуу деген күнөө менен 295 берене боюнча жана улуттук, расалык, диний жана аймактык жек көрүүнү козгогон деген күнөөгө такап 299-берене менен 14 жылга айыпталган. Бошотулган.

4. Талант Мамытов, спикер. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп кесилген. Соттуулугу жоюлган.

5. Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 1,6 жылга кесилген. Соттуулугу жоюлган.

6. Нурлан Мотуев,саясатчы, «Террористтик ишмердүүлүктү ишке ашырууга элди чакырган же терроризмге элди үгүттөгөн» деген айып тагылып 7 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

7. Канатбек Исаев, депутат. Коррупцияга шектелип, 12 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

8. Кубанычбек Кадыров, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 12 жылга кесилген. Бошотулган.

9. Өмүрбек Текебаев, экс-депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери. Коррупцияга шектелип 8 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

10. Акматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурунку спикери. «Кыргызгазды» Газпромго 1 долларга сатканы үчүн соттолуп, соттуулугу жоюлган.

11. Эрнест Карабеков,эксперт, бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 20 жылга кесилген. Бошотулган.

12. Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мурунку мэри.Сыртынан 7 жылга кесилген.

13. Учкунбек Ташбаев, геология жана минералдык ресурсттар боюнча Мамлекеттик агентчиликтин мурунку жетекчиси. Кызматтык абалды кыянаттык менен пайдаланган үчүн 5 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

14. Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри. Коррупцияга айыпталып,11 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекетке келтирилген зыяндарды төлөп бошотулган.

15. Урмат Аманбаева, экс-депутат. 9 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекетке келтирилген зыяндарды төлөп бошотулган.

16. Бектур Асанов, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 12 жылга кесилген. Бошотулган.

17. Райкан Төлөгөнов, экс-депутат. Мародерчулук фактысы боюнча 2010 жылы 15 жылга эркинен ажыратылган. Камалган эмес.

18. Равшан Сабиров, социалдык өнүктүрүүнүн мурунку министри. 5 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс менен бошотулган.

19. Гүлнара Дербишова, социалдык өнүктүрүүнүн мурунку министринин орун басары. 5 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс менен бошотулган.

20. Данияр Нарымбаев,президенттик аппараттын мурунку жетекчиси. Коррупцияга шектелип 3,5 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

21. Хаджимурат Коркмазов, экс-депутат. Коррупцияга шектелип 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

22. Марат Султанов, Бишкек шаардык сотунун мурунку төрагасы. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 10 жылга кесилген. Бошотулган.

23. Дүйшөн Чотонов, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри. Коррупцияга шектелип 8 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.

24. Аида Салянова, депутат, экс-Башкы прокурор. 5 жылга эркинен ажыратылган. Жашы жете элек балдары бар үчүн камалган эмес.

25. Дастан Сарыгулов, Кыргыз Республикасынын мурунку мамлекеттик катчысы, бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 4 жылга шарттуу кесилген.

26. Игорь Чудинов, депутат, экс-премьер-министр. Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан.

27. Тойгонбек Калматов, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 6 жылга кесилген. Бошотулган.

28. Искендербек Айдаралиев, мурунку биринчи вице-премьер-министр. Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан.

29. Арстанбек Ногоев, Бишкек шаарынын мурунку мэри.Сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

30. Таалайбек Өмүралиев, мурунку жана жаңы Коргоо министри. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 5 миллион сом айып тартып, генерал-майор наамынан ажыраган.

31. Төрөбай Колубаев, саясатчы. Элдик парламент» түздү деген жалган жалаа менен 14 жылга айыпталган. Бошотулган.

32. Замирбек Эсенаманов, жаратылыш ресурстарынын мурунку министри. Кылмыш иши козголуп, сот тарабынан акталып чыккан.

33. Исхак Пирматов, депутат. Кылмыш иши козголуп, парламент жоопкерчилик тартууга макул болгон эмес.

34. Элмурат Обдунов, экс-депутат. Кылмыш иши козголуп, парламент жоопкерчилик тартууга макул болгон эмес

35. Иса Өмүркулов, депутат, Бишкектин мурунку мэри. Кылмыш иши козголуп, жоопкерчилик тарткан эмес.

36. Курманбек Осмонов, мурунку вице-премьер-министр. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес.

37. Болот Абилдаев, мурунку каржы министри. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес.

38. Темирбек Акматалиев, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес.

39. Аскарбек Шадиев, мурунку биринчи вице-премьер-министр.Кылмыш иши козголуп, сыртка качып кеткен.

40. Тайырбек Сарпашев, мурунку биринчи вице-премьер. Кылмыш иши козголуп, иши кыскартылган.

41. Нурлан Сулайманов, мурунку унаа, жол министри, коррупцияга шектелип издөө салынган.

42. Шералы Абдылдаев, мурунку мамлекеттик мүлк министри. Коррупцияга шектелип издөө салынган.

43. Акылбек Жапаров, депутат. Коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон.Камалган эмес.

43. Музаффар Исаков, депутат. Коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон. Камалган эмес.

44. Өмүрбек Бабанов, экс-депутат.Бийликти оодарууга жасаган аракети үчүн кылмыш иши козголгон. Камалган эмес.

45. Алмамбет Шыкмаматов, депутат. Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан. Камалган эмес.

Манас Арабаевдин кадрлары Жээнбековдун учурунда тим калган эмес ТЭЦ боюнча соттолгон Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон «жегичтер» өз шыбагасын алышты дечи эч күнөөсүз жалаа жабылгандар да болушту. Мисалы, Осмонбек Артыкбаев министр болуп ТЭЦти талкалаган деген бүтүмгө келишип камалган. ТЭЦти Кытайдан алып келген мүлктөргө куруп жатканда 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июнуна чейин энергетика министри болуп келген Кубанычбек Турдубаев ТЭЦти салып жатканда энергетика министри болгон. Жээнбековдун заманында мурунку президент Атамбаев, Зилалиев сыяктуу көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер соттолушуп, Манас Арабаевдин «кол куурчактары» Альчиев Рысбек, Кумар Токтакуновго окшогондор ак, карасын таанышпай эле «хамалеончо» өзгөрүлүшүп мурун Атамбаев кимди айтса, ошонун сазайын колуна берип келсе, Эми Жээнбеков менен Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айткандарын «лып» этип аткарып калышкан. Эми булар дагы «терисин тескери кийишти».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости