www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 170,2 миллион доллар бөлүп берди. Бул туурасында коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев аталган эл аралык фонд жазганын билдирди.

- ЭВФ мынча көлөмдөгү каражатты кандай максатта бөлүп берди деп ойлойсуз?

- Эл аралык валюта фонду баардык өлкөлөр үчүн COVID-19дан кийинки абалды турукташтыруу үчүн колдоо иретинде кайтарымсыз 600 млрд. доллар бөлдү. Фонд бул кадамы менен дүйнөлүк экономиканын тез от алып кетишин көздөйт. Бул акчалардын арты менен ар бир мамлекетте акча чуркатуу күчөп, натыйжада, дүйнөлүк экономика жанданат деп үмүттөнөт. ЭВФ бир чети дүйнө боюнча Улуттук банк сыяктуу ролду ойноп жатат да... Эксперттердин айтуусу боюнча, бул өтө маанилүү кадам, анткени ЭВФ аркылуу мынча чоң акча дүйнө экономикасына мурун сарпталган эмес.

- Кыргызстан бул каражатты кайсы жакка жумшаса туура болот?

- Кыргызстанга 170,2 миллион доллар бөлүнүптүр. Бул каражаттан бир эле Кыргызстан эмес көптөгөн мамлекеттер алып жатат. Ошол эле Россия 18,2 млрд. доллар алды, АКШга бөлүндү. Бул биздин өлкө үчүн чоң колдоо. Кайсы жакка жумшаларын өкмөттөн сураш керек. Аткаруу бийлиги ал каражатты экономика же социалдык чөйрөнүн каалаган тармагына колдонсо болот. Фонддун маалыматы боюнча каражатты баардык максатта, анын ичинде тышкы карызды жапканга да жумшаса болору айтылууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости