www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"30 жыл ичинде тапкандан жоготконубуз көп болду" -, деди бүгүн, 28-августта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев.
- Мурат агай, буйруса эгемендүү мамлекет болгонубузга 31-августта 30 жыл толот. Эгемендиктин баркына жете алдыкпы?
-Эгерде эгемендүүлүктү биз, көп жылдар бою эңсеп, ал үчүн талыкпай күрөшүп, кан төгүп жетсек, ошондо биз эгемендүүлүк кандай барктуу экенин толук түшүнүп барктап,  урматтап алмакпыз. Чынын айтканда биз бир күнү уктап туруп эле эртеси эртең менен эле "биз Эгемендүү мамлекет болдук",- деп эле эгемендүү болуп калганбыз. Мына ошондон бер 30 жыл өтүптүр. Отуз жылдан бери ары бери урунуп, же бутубузга туруп шарт, түз басып кете албай эле бир жерди айланып эле тегеренип жаткандайбыз. Тапкандан жоготконубуз көп болду. СССРден калган завод фабрикалардан кана кол жуубастан, улуттук бири бирин сыйлаган менталиттеттен кол жуудук. Жакшы толеранттуу калкыбыз көтөрүмсүз чыр- чатактуу калкка айланып баратканыбыз мени өтө тынчсыздандырат. Улуттук ынтымактыктын таш талканын чыгарып, уруулук, кландык, олигархтык акчага сатылып алынган жалдама ынтымактуулуктун жолуна түшүп, ошол сатылган ынтымагыбызды туу тутуп, каршылаштарыбызга тап берип коркутканга өтүп алдык. Мындай ахыбал менен, "биз, чыныгы эгемендүүлүк мамлекет курдук",-деп айтууга, сыймыктанууга акыбыз жок. Чуркап бара жаткан аргымактын бутуна үзөнгү ыргытып, чалып жакканга эле машпыз. Сабырдуулук нольго түштү. Ар-бирибиз айрыкча жогорку эшолондогулар өзүлөрүнүн жекече, менчик "эгемендүүлүгү, жыргалчылыгы" үчүн күрөшүп, тытышып, бири-бирине бут тосуп келе жатышканда, анан кайдагы жалпы элдик эгемендүүлүктү айтабыз!
Эсибизге келе турчуу мезгилге келсек деле негедир дагы эле баштаган багытыбыз менен шарт аттанып кете албай жатканыбыз мени түйшөлтөт. Ал  үчүн бизге жалпы чыныгы Элдик ынтымак жетишпей тургандыгы чындык.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости