www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдө темирдей тартип жана буга чейинки технологиялык процесс так сакталышы маанилүү. Мындай пикирин коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Жогорку Кеңеште кабыл алынчу чечим өтө маанилүү экенин «Центерра» да сезген окшойт! Алар бүгүн Кыргыз Өкмөтүн Гаага шаарындагы эл аралык арбитраждык сотуна беришти...

Эми, даана артка жол жок калды! Мурунку Өкмөттөрдү кызылдай сатып алып келген, эл аралык коррупция схемаларын бизге кеңири киргизип келген, экологияны жанчып келген «Центерраны» сөзсүз жеңишибиз абзел! Эртең коркпой-үркпөй Кумтөргө тышкы башкаруучуну (внешний управляющий) киргизип, алардын финансы булактарын толугу менен бууп, банктардагы эсеп-чотторун катуу көзөмөлгө алыш керек!

Ошол эле маалда алтын өндүрүү бир да саатка да токтобошу зарыл! Бир да кыргыз жараны ал жерде жумушсуз калбаш керек! Бир грамм да алтын четке алып чыгарылбаш керек, бүт эл аралык милдеттер аткарылып, Кумтөрдө темирдей тартип жана буга чейинки технологиялык процесс так сакталышы маанилүү…

«Центерранын» арызында 2 маанилүү нерсе бар экен:

1. Алар дагы деле сүйлөшүүгө даяр!

2. Бүт инвестиция жана финансы активдерин алдырып ийишин алар сезип жатышат...

Эми, биз канчалык күчтүү жана эгемен мамлекет экенибизди турмуш өзү сынамай болду, көрүнөт… Бек бололу! Бирге бололу!», - деген Акматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости