www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө болгон мусулман мамлекеттер Израилден Палестиналыктарга жана алардын мүлкүнө кол салууну токтотууну талап кылышты, деп маалымдалат уюмдун 16-майдагы чукул жыйынынан кийин жарыяланган билдирүүдө.
БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш Израиль менен Палестина тараптын согуштук аракеттери токтоосуз токтотулушу керек деп билдирген.
Мусулман өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусундагы жыйында Палестинада жаңы курчуп жаткан кырдаал Сауд Аравиясынын төрагалыгына виртуалдык режимде көзөмөлдөө иши жүктөлдү.
"Биз Палестина аймагындагы басып алуучу держава Израилдин Палестина элине, алардын жерлерине жана ыйык жерлерине каршы уюштуруп жаткан жырткычтык чабуулдарын кескин түрдө айыптайбыз. Палестиналыктарга жана алардын мүлкүнө каршы жасалган бардык чабуулдардын токтоосуз жана толугу менен токтотулушун талап кылабыз. Палестинага байланыштуу Эл аралык укуктун жана БУУнун чечимдеринин олуттуу бузулушу " - деп белгилешти жолугушуунун катышуучулары.
Чыгыш Иерусалимге жана Акса мечитине кол салууга мыйзамдуу укук жок экендигин билдирип, инсандыкты сактоо жана мыйзамда белгиленген эрежеге баш ийүүнү жыйында баса белгилеп кетишти.
Булак: NazarNews.kg