www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медеткан Шеримкулов... Кыргызстан эгемен мамлекет болду деген ошол кездеги Жогорку Кеңештин чечиминин алдында ушул залкар саясатчынын бакыйган кол тамгасы турат...

Бир окуя эске түштү... 1988-89-жылдар…Медеткан Шеримкулович ЦКнын секретары. Биз болсо жаш демократтарбыз, СССР урайт, эгемен Кыргызстан болот, кыргыз тили мамлекеттик тил болот, Фрунзе шаары Бишкек болот деп күпүлдөп, ЦКнын шайын кетирип турган кезибиз...

Медеткан Шеримкулович андай активисттерди байма бай өз кабинетине чакырып, Ак үйдүн 7 этажынан чай берип, «по душам» сүйлөшүп турчу...Бир күнү дагы ошондой «чаепитиеге» чакырды. Мен, Эмилбек Каптагаев, раматылык Мелис Эшимканов болуп 2-3 саат кеплештик... Көрсө, ал киши биздин тамырыбызды тартып жүрчү экен, ыгы келип калса биздин демибизди басып, ынандыруу жолу менен бизди катуу кетпегиле, абайлагыла деген нерселерди айтчу экен...

Кыскасы, түнкү 11ге чейин отуруппуз... Эшике чогуу чыктык. Жай айы, жамгыр уруп аткан экен, чакадай төгүп... Ак Үйдүн забору анда жок эле. Чыгыш тарапка чыктык, машинеси келди. Биз менен коштошуп, машинеге отура баштады...Тили курч Мелис дос чукуп калды: баарыбыз шаардын ар кайсы бурчунда квартираларда турабыз, машинеңиз жеткирип койсо сонун болоор эле деп...

Мурдуң дурайындар деп күбүрөмүш болуп, азыр, үйүм жакын эле жерде, машинени кайра жиберем, үйлөрүңөргө жетип алгыла деди...

Ошондо, «00-03» деген кычыраган Волгага түшүп алып, үчөөбүз Совет көчөсү менен тоо жака уруп баратканыбыз эстен кетпейт... Мелис дос терезесин ачып алып, ырдап баратат...атаң көрү, ушундай машинеде баратканыбызды дос-тууган көрсөчү деп бир боорду эзет...

Ошентип, баарыбыз үйлөргө түшүп калдык. Эң акырында мени шоопуру өмүрү бул машине көрбөгөн Төкөлдөштүн таштак көчөлөрүн аралап, уйгур абышканын үйүнө жеткизди. Ал жерде квартирант элем.... Ичимен ойлоп коём: Шеримкулов агайдын машинеси өлө таң калды го, кайсы жолдорго келип калдык деп...

Ошол адамкерчилигиңизге рахмат, Медеткан ага... Жаш, өсүп келаткан балдардын шагын сындырган эмессиз! Кийин ойлосом, сиз деле «жакшы» коммунист эмес экенсиз. Бизди этият болгула деп айтканыңыз менен, сиз деле ички дүйнөңүздө Кыргызстан эгемен мамлекет болсун деп дуа кылып жүргөн экенсиз, көрсө... Аны 2-3 жылдан соң, Жогорку Кеңештин Спикери болуп турганда далилдедиңиз...

Майрамыңыз менен, Медеткан Шеримкулович! Келе жаткан 30 жылдык Эгемендик юбилейибиз бул Сиздин да майрам! Бар болуңуз, көп жашаңыз!

Алмазбек Акматалиев, саясатчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости